7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров аскер кызматкерлери менен талаа ашканасында түштөндү

1956

Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде, Баткен облусундагы Бужум аскер полигонуна келди. Мамлекет башчысы «Коопсуздук — 2021» жана «Калыптандыруу Түштүк — 2021» командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулардын жыйынтыктоочу фазасына көз салды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Коргоо министрлигинин күчү жана каражаты менен өткөрүлгөн машыгуулардын активдүү фазасында республиканын аймагына басып кирген мыйзамсыз куралдуу топторго бөгөт коюу жана аларды жок кылуу боюнча атайын биргелешкен операция жүргүзүлдү, резервдеги роталарды иш жүзүндө мобилизациялоо менен согуштук жана өзгөчө абал киргизилген шарттарда кырдаалды турукташтыруу боюнча тапшырмалар иштелип чыкты, Баткен шаарынын, Баткен жана Лейлек райондорунун запастагы роталары менен согуштук ок атуулар жүргүзүлдү.

Ошондой эле машыгуулардын сценарийине ылайык, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүнүн алкагында эпидемияга каршы иш-чараларды өткөрүү менен 2-деңгээлдеги аскердик талаа госпиталы ачылды, стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыздоо жана коргоо иши уюштурулду, резервдеги бөлүктөр тарабынан блокпосттор орнотулду, согуштук иш-аракеттер жүрө турган аймактан жарандарды эвакуациялоо, иргөөчү пункттар менен качкындарды убактылуу жайгаштыра турган пункттарды ачуу иштери көрсөтүлдү.

«Коопсуздук — 2021» жана «Калыптандыруу Түштүк — 2021» биргелешкен командалык-штабдык мобилизациялык машыгууларга 2 миңден ашуун аскер кызматкери, 100гө жакын унаа бирдиги, брондолгон жана атайын техникалар, 20га чейинки артиллериялык тутум жана 10го чейинки авиатехника бирдиги тартылды.

Мындай иш-чаралар өлкөнүн Коргоо министрлиги тарабынан жыл сайын республиканын ар кайсы облустарында өткөрүлүп турат.

Машыгуулар аяктагандан кийин Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Эрлис Тердикбаевге генерал-майор пагонун, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Субаналиевге мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси чининин күбөлүгүн, Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаевге мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси чининин күбөлүгүн салтанаттуу түрдө тапшырды. Ошондой эле Башкы кол башчыдан бир катар аскер кызматчылары энчилүү сааттарды жана алкыштарды алышты. Мындан сырткары, Садыр Жапаров Коргоо министрлигинин 30-630 аскер бөлүгүнө Президенттин резервдик фондунан бөлүнгөн 600 миң сомдун сертификатын берди.

Андан соң машыгуунун катышуучуларынын салтанаттуу жүрүшү болду.

Иш-чарага Россия, Казакстан, Беларусь, Тажикстан, Улуу Британия, Пакистандын аскер атташелери дагы чакырылган.

Мамлекет башчысы өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн аскер формаларынын, экипировкасынын, жарак-жабдыктарынын, курал-жарактарынын жана аскердик техникасынын үлгүлөрү менен таанышып, аскер госпиталын көрүп чыгып, Баткен районунун өзүнчө резервдик ротасынын өздүк курамы менен жолугушту. Мындан сырткары, Садыр Жапаров аскер кызматкерлери менен талаа ашканасында түштөнүп, аскердик кызмат өтөп жаткандардын шарттарын сурап, аларды кызыктырган суроолорго жооп берди.

Ошону менен бирге Президент Садыр Жапаров күч жана аскер түзүмдөрүнүн, ошондой эле жергиликтүү бийлик жетекчилери менен чакан кеңешме өткөрдү.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1957