7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

КР эл артисти Хадима Берикбаева 75 жаш курагында дүйнө салды

722

2021-жылдын 2-апрелинде Кыргыз Республикасынын эл артисти, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Карамолдо Орозов атындагы мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин артисти Хадима Берикбаева 75 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Берикбаева Хадима 1946-жылдын 10-мартында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылында туулган.

1965-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын кыргыз эл аспаптар бөлүмүн аяктаган.

Эмгек жолун белгилүү дирижер Асанкан Жумакматов жетектеген Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде баштаган. Хадима Берикбаева белгилүү кыякчы Саид Бекмуратовдон сабак алып, аялдардан алгачкылардан болуп кыргыздын кыл кыягын чертип, кыргыз музыкасындагы залкарлардын күүлөрүн оркестр менен бирге иштеп чыккан. Оркестрде эмгектенүү менен бирге, ал Атай Огонбаев атындагы комузчулар тобунда, Токтосун Тыныбеков атындагы ооз комузчулар тобунда эмгектенген.
Анын биринчи гастролу Москва шаарында өткөн. Ал Токтогул Сатылгановдун 100 жылдыгына арналган юбилейлик концертинде өнөрүн көрсөткөн. 1983-жылдан баштап алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө оркестр менен бирге көптөгөн концерттерге катышып келген.

Ал көп жылдар бою Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын алдындагы 2 жылдык окуу студиясында сабак берип, өнөрлүү жаштарды тарбиялап, кыргыздын көркөм өнөрүнүн өнүгүүсүнө, таланттуу адистер менен толукталышына салымын кошуп келген.

Улуттук маданият менен искусствосуна кошкон салымы үчүн 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган, ошондой эле 1994-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти», 2018-жылы «Кыргыз Республикасынын эл артисти» ардак наамдары ыйгарылган.

Кыргыз маданиятын жана руханий дөөлөтүн өнүктүрүүгө зор салым кошкон көрүнүктүү инсандардын бири Хадима Берикбаеванын элеси биздин эсибизде түбөлүккө сакталат.
Маркумдун үй-бүлөсүнө жана туугандарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

723