7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Артем Новиков ЕЭК төрагасы Михаил Мясникович менен жолугушту

301

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков президент Садыр Жапаровдун инаугурациясына катышуу үчүн Кыргызстанга келген Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү ортосундагы өз-ара аракеттешүүнү кеңейтүүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле  ЕЭК тарабынан ЕАЭБ ичиндеги өз-ара соода жүргүзүүдөгү тоскоолдуктарды, чектөөлөрдү жана алып коюуларды четтетүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланды.

Тараптар экономикалык, өнөр жай жана айыл чарба кооперациясы долбоорлорун ишке ашыруу жана бул жаатта кызматташуу тууралуу пикир алмашты. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 5-февралында Алматы (Казакстан Республикасы) шаарында өтүүчү ЕЭК Кеңешинин жыйынынын жана өкмөттөр аралык кеңешинин күн тартибинин маселелери талдоого алынды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

302