Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Уставынын 8-беренесине ылайык, Аалиев Азиз Кубанычбекович Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы кызматынан бошотулду. Ал эми анын ордуна Артем Новиков 3 жылдык мөөнөткө Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы кызматына дайындалды.
Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.