Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуудан ӨКМдин бир куткаруучусу каза болду.
Баткен шаарынын тургуну, 1987-жылы туулган лейтенант Ысманов Айбек Абдималикович 2010-жылдан бери КР ӨКМнин Баткен облусу боюнча башкармалыгында кызмат өтөп, Өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн кароол башчысы кызматында эмгектенип жаткан.
Ушул жылдын 16-сентябрында кызматтык милдетин аткаруу учурунда кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуудан улам душман огунан каза тапты.
Артында 3 уулу, жубайы калды.
Жетинчи каналдын жалпы жамааты жакындарына көңүл айтабыз.