7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Асан Жанышов Дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду

261

Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Асан Жанышов Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын коло медалына ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт депертаментинен билдиришти.

Спортчу 87 кг чейинки салмакта катышууда. Алгач 1/16 финалдык беттеште венесуэланын балбаны Браян Руиз Маринди 10:1 эсебинде, 1/8 финалдык беттеште армениялык Виген Назарянды 6:0 эсебинде жеңип чейрек финалга чыкты. 1/4 финалдык беттеште украинанын балбаны Владислав Даягилёвду 6:0 эсебинде, жарым финалдык беттеште оруссиялык Ауэс Гонибошко утулган.

Коло медаль үчүн беттеште америкалык спортчу Пэйтон Джейкобсон Чхиквадзени жеңип, өз салмагында Дүйнө чемпионатынын коло медалына ээ болду.

262