Бакиевдердин байлыгы жана убактылуу өкмөттүн чыныгы максаты тууралуу суроолор көтөрүлүүдө. Мына бул талаштар боюнча менин пикиримди талкууга салгым келип жатат. Бул тууралуу Асейин Саралаев соцтармактагы баракчасына билдирди.
«2010-жылы Убактылуу өкмөт бийликке келгенден кийин, элге:
“Бакиевдерди соттойлу десек, Минск аларды бербей жатат” деп көп жолу айтышкан. Бирок, азыркы шартта карап көрсөк, бул сөздөр элди алдоо үчүн эле айтылган экен да?!. Анткени Бакиевдерди чындап алып келгиси келбегенин эми билип жатабыз. Эмне үчүн алып келүүнү каалаган эмес, сөзүмдүн аягында токтолом.
Бакиевдер — ошол учурда өлкөдөгү эң бай үй-бүлө эле. Аларда ири көлөмдөгү акча, алтын жана башка баалуу активдер болгон. Эми көңүл буруп окугула. 7-апрель окуясы болуп жатканда Максим Бакиев чет өлкөдө – АКШда жүргөн. Ошол күндөрү Бакиевдер да бийликтен кетебиз деп ойлошкон эмес. Баары күтүүсүз болду. Алар байлыгын эмес, жанын араң сактап качышкан.
Эми суроо туулат: ошол Бакиевдерден калган байлыктар кайда кетти?
Мисалы, 2020-жылы бийлик алмашкандан кийин Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев , мурдагы коррупционерлерди жоопко тартып, мамлекетке зыян келтирген каражаттарды кайтарып жатканда элге конкреттүү кимден канча кайтарылганы боюнча сандар, кайтарылган мүлктөр, эсептерди көрсөтүп жатышат.
Ал эми 2010-жылы Убактылуу өкмөт Бакиевдер өлкөнүн бардык акчасын жүктөп кетти деп жарыялаган жана эч кандай мүлк-байлыктарынын кайтарылганы тууралуу кеңири айтышкан эмес. Эл болгону Бакиевдин Жибек-Жолундагы күйүп кеткен үйүн гана билет. Аны дагы 10 жыл “менчиктештире” албай аңдып жатышты. Бакиевдер байлыгын бирин калтырбай өздөрү менен чогуу алып чыгып кетти дегенге ким ишенет? Бул логикага туура келбей калат: жанын араң алып качкан адамдар миллиондогон доллар, тонна алтынды кантип ташып кетмек эле?
Максим Бакиев ошол учурда Америкада жүрсө, демек, анын байлыгы Кыргызстандын ичинде калган. Ошондо Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү ошол каражаттарды өз ара бөлүп алган деген божомол — чындыкка абдан жакынбы? Жакын!
Мунун баары бүгүнкү күндө кайра териштирилип, акыйкат чечимдер кабыл алынышы керек. Эл алдындагы жоопкерчилик, уурдалган каражаттар жана мамлекетке келтирилген зыян сөзсүз ачыкка чыгышы зарыл.
Убактылуу Өкмөт эмнеге Бакиевдерди кайтарып алып келүүгө кызыкдар болгон эмес? Келсе деле бизде өлүм жазасы жок, атып жок кылып салмак эмес. Камап коймок, бирок Бакиевдер болгон чындыкты айтып салышмак.
Азыр дагы «Бакиевди алып келип жазалап, камап, апрель жана июнь окуяларына укуктук баа бериш керек”-деген демилге көтөрүлсө эле, так ушул Текебаев, Бекназаров, Атамбаев жана Сариевдердин жакындары “алып келбеш керек»- деп каршы пикир түзүп келишет.
Демек, булардын Бакиевдин Кыргызстанга кайтарылышынан корккон чоң компроматтары бар деп ойлойм. Же, Асейин Саралаев айткан фактылар чындык. Мурда дагы коркуп алып келген эмес, азыр дагы келүүсүнөн коркуп жатышат. А болбосо Бакиевди алып келип жазалоого так ушул Убактылуу Өкмөт биринчи кызыкдар болуш керек эле да, чынбы?
Кой-Таштагы хан сарайдын курулушуна жумшалган миллион долларлардын дагы булагы айтылган эмес. Айтор суроо көп…»,- дейт Саралаев.