Бейшемби күнү абанын температурасы жогорулайт, айрым аймактарда ала булут каптап, жамгыр жаайт.
Абанын температурасы Чүйдө +7…+17, Талас аймагында +6…+18, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10…+22, Ысык-Көл облусунда +5…+11, Нарын өрөөндөрүндө +1…+10 градус.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +9…+21, Ош шаарында +10…+21 градус болот.