Эстрада ырчысы Асел Кадырбекова өзүнүн социалдык баракчасына байма-бай келген билдирүүлөргө жооп берди.
Анда ал, күйөрмандарынын «Өзүңдүн чачың эмес го? Парикпи?» , — деген суроолоруна ачык жооп узаткан.
«Менин баракчаман эмнелерди көрүп, эмнени окугуңуз келет. Сиздер үчүн менин баракчам кызыктуу болуусун каалайм. Тартынбай жазыңыздар. Ал эми «Бул парик го» деп жүз жолу сурагандарга: Ооба! Парик» Башыма операция жасатууга туура келди. Чачымды кырышты. Аны менен мага ыңгайлуу болчу, ошондуктан жолдошум менин абалымда көрүп ушундай белек кылган. Мен аны жашырбайм», — дейт ал.
Эске сала кетсек, Асел Кадырбекова 26-июнда жол кырсыгына кабылып, комада бир жума жатып, андан соң операция болгон. Учурда абалы жакшы.