Бүгүн ашууларда жана жолдордо жол ачык, унаа кыймылына чектөөлөр жок. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен маалымдашты.
Учурда Ысык-Көл облусунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар тазалоо, жолду кеңейтүү иштери жүрүүдө. Каттам бар. Жол тейлөө ишканалары тарабынан инерттик материалдарды камдоо жана техникаларды кышкыга даярдоо иштери кызуу уланууда.