7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аскар Акаев Москвага кайтып кетти, эми ал каалаган учурунда келе алабы?

775

«Кумтөр» иши боюнча сурак берүү үчүн Кыргызстанга келген Аскар Акаев кечээ, 8-августта Москвага учуп кетти. Бул тууралуу “Азаттык” мурдагы министр, Акаевдин санаалашы Бекболот Талгарбековго таянып жазып чыкты.

Маалыматка ылайык Акаев каалаган учурда Кыргызстанга келе алат. Бирок качан кайтып келери белгисиз.

Буга чейин Акаев кыргызстандыктарга видео кайрылуу жасап, Кумтөр алтын кени үчүн келишимге барганына кечирим сураган. 16 жылдан кийин мекенине кайтып келишине аталган келишим боюнча сурак себеп болгонун ырастаган. Ал ошондой эле Кыргызстанды башкарып турган 15 жыл аралыгында бир катар жетишкендиктер менен катар кемчиликтер да орун алганын айтып, эң башкы кемчилиги катары — Аксы трагедиясы менен 2005-жылы президенттик кызматын Конституциялык жол менен өткөрүп бере албаганына өкүнүчүн билдирген.

Кыргызстанды 1990-жылдан 2005-жылга чейин башкарган Акаев 2005-жылы 24-мартта бийликтен кулатылып, үй-бүлөсү менен Кыргызстандан качып кеткен. Ал ушул жылдын 2-августунда Бишкекке келген.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) мурдагы президент «Кумтөр» долбоору боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Москвадан алып келингенин билдирсе, Акаев бийлик менен сүйлөшүп алып өз эрки менен келгенин айткан.

Акаев 1992-жылы «Кумтөр» долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүү жана 2003-жылы «Камеко» компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупцияга байланыштуу айыпталып жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

776