Кыргызстандын туңгуч Президенти Аскар Акаев бүгүн өлкөгө кайтып келди.
Келээри менен УКМКга суракка жеткирилгенин УКМКнын басма сөз кызматы кабарлаган.
Акаев кечке жуук, сурактан чыккан соң журналисттерге интервью берип, «Кумтөр» маселеси боюнча тергөө менен кызматташып, бийликке жардам берүү үчүн келгенин айтты.
Ошону менен бирге, 16 жылдан бери келе албай жүргөн Ата-Мекенине келүүсүнө шарт түзүп бергени үчүн өлкө башчысына жолугуп, ыраазычылыгын билдиргенин айтты.