7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аскат Алагөзов: Журналисттерге жана бизнес өкүлдөрүнө болгон мамиле кайра каралат…

412

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагозов “Азаттыкка” укук коргоо органдарында башталган реформалардын алкагында жарандык активисттерге, журналисттерге жана бизнес өкүлдөрүнө болгон мамиле кайра каралып чыгарын билдирди. Бул тууралуу Азамат Абсаттаров фейсбук баракчасына жазды.

Ал укук коргоо органдарына мүмкүн болгон жана мыйзамга каршы келбеген учурларда камакка алуу менен байланышпаган чараларды көрүп, профилактикалык иштерди жүргүзүү сунушталарын айткан.

“Ошол эле учурда бул бардык нерсеге жол берилет, каалаганын кыла берсе болот дегенди билдирбейт, ар бир чечим конкреттүү жагдайларга жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык кабыл алынат”, — деп айтылат кат түрүндө берген жообунда.

Жакында эле Кыргызстандагы бир катар медиа уюмдар, журналисттер Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Жумгалбек Шабданбековго жана Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевге кайрылуу жасашкан.

413