7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарынын таза суу системасын жаңылоого Кореядан 10 млн долларлык грант тартылат

348

Ош шаарынын таза суу системасын жаңылоого Кореядан 10 млн долларлык грант тартылат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Корея Республикасынын алдыңкы суу ресурстарын башкаруу корпорациясы – “K-water” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөргөн.

Жолугушууга компаниянын жетекчисинин орун басарлары Ли Сан Ён, Кон Ён Джун, ошондой эле менеджерлер Ким На Рэ жана Но Джэ Гён катышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Ош шаарынын таза суу менен камсыздоо тармагын интеллектуалдык башкаруу долбоорун ишке ашыруу маселелери талкууланды. Аталган долбоордун жалпы баасы 10 миллион АКШ долларын түзүп, каражат кайтарымсыз грант түрүндө берилет.

Долбоордун алкагында Озгур суу тазалоочу станциясын модернизациялоо, ошондой эле шаардагы суу менен камсыздоо системасын санарип жана “акылдуу” башкаруу технологияларына өткөрүү каралууда.

Мындан тышкары, мекеменин операциялык жана уюштуруучулук мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү, адистердин квалификациясын жогорулатуу жана инфраструктураны жаңылоо маселелери да талкууланды.

Тараптар долбоорду эффективдүү ишке ашыруу жана мындан аркы узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашышты.

349