7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аскер кызматкерлери пара алуу фактысы менен кармалды

391

УКМК тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында пара алуу фактысы боюнча чек ара кызматынын эки аскер кызматкерлери кармалган.

Алар ири өлчөмдө акчалай сыйлык үчүн чет мамлекеттин жаранына Мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылып, республиканын аймагында жасаган укук бузуулары үчүн тергелип жаткан кылмыш ишинен жашырынуу максатында көмөк көрсөтүшкөн.

Чет мамлекеттин жараны өлкө аймагындагы ири көлөмдөгү акчалай сумманы төлөө боюнча милдеттенмелерден качуу максатында жана Кыргызстандын чегинен тышкары жүрүүгө убактылуу чектөө бар экенин түшүнүп, Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү болуп эсептелген КР жараны А.Т.га акчалай сыйлык берүүнү убадалап, Кыргызстандын чегинен чыгууга жардам сураган жана бул кылмыштуу аракеттерине айрым чек арачыларды тартышкан.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда алардын укукка каршы ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдар аныкталууда.

 

 

 

392