7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аскер прокуратурасынын жалган кызматкери кармалды

375

Ири алдамчылыкка шектелип Аскердик прокуратурасынын жалган кызматкери кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди. 

Аскер прокуратурасынын тергөө башкармалыгына А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал өзүн Аскер прокуратурасынын 4-бөлүмүнүн башчысы катары тааныштырган Акылбек Султанов аттуу жаран анын ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен ири өлчөмдөгү акча каражатын ээлеп алгандыгын айтып, чара көрүүнү өтүнгөн.

Ушул сыяктуу фактылар боюнча бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана соттолгон Ш.А.Т. аттуу жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

376