Белгилүү журналист, «Агым» жана «Жаңы агым» гезиттеринин мурдагы баш редактору Аскер Сакыбаева: Журналистика менен кошо мындан 100 жыл мурда коом дагы өнүгүп, сабатсыздыгы жоюлуп, учурга жараша эволюциялык жолду басып өттү. Жалпы тарыхтын өлчөмү менен баалап келгенде, мурунку муун Кыргызстандын өнүгүшүнө өтө чоң салым кошту. Кыргыз журналистикасынын тарыхында болсо «Асаба» гезитинин басып өткөн жолу өзгөчө – «Асаба» океанды кесип өткөн кеме сыяктуу эле, кыргыз калкынын аң-сезимин буурусун менен жер айдагандай эле айдап, жаңы үрөн сээп, калкты башкача ойлонткон карлыгач болду.
Мелис Эшимканов, Шайлообек Дүйшеев, Түгөлбай Казаков, Алым Токтомушев сыяктуу журналисттер – көз карандысыз жана оппозициялык басма сөз эмне экенин көрсөттү, ошол мезгилде биз соттошуу эмне экенин дагы көрүп-түшүндүк. Биздин гезитти соттоп, мойнубузга 5 млн сом илип койгондо, аргасыздан банкрот болдук, андан соң жарым жылдай Res Publica гезитинин кыргызча варианты катары чыгып жүрдүк, анан гезит «Агым» деп кайра жаралды. Кийин «Вечерний Бишкектин» кожоюну Александр Ким «Агымды» каржылоону өз колуна алып, жакшы эле көтөрдү, бирок кийин Алмаз Атамбаевдин бийлиги «Вечерний Бишкекти» да талкалап салды…