16-октябрда Сокулукта тойдо сабалып, комага түшкөн бала бүгүн каза болду. Бул тууралуу анын жакындары 7-каналга кабарлашты.
Бексултан 25 жашта болгон. Тойдо пикир келишпештиктен улам, топ балдар аны сабап, жолго чыгып кеткенде, унаа келип сүзгөн.
Буга чейин дарыгерлер 7-каналга берген интервьюда жабырлануучунун жашап кетишине кепилдик жок деп айтышкан.
Маркумдун атасы кылмышка шектүүлөрдүн бири кармалып, экинчиси изделип жатканын айтты.
7-каналдын жалпы жамааты тереең кайгыруу менен жакындарына көңүл айтат.