7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта 97 жаштагы милициянын ардагерине 100 миң сом акчалай белек тапшырылды

249

Таласта Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарындагы оруктун эмгекчиси, ички иштер органдарынын ардагери Кудайберген Чороевге 100 миң сом акчалай белек тапшырылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Акчалай белек кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата ички иштер министри Улан Ниязбековдун атынан берилген. Аны облус милииянын башчысы Азенбек Козукеев тапшырган. Козукеев 97 жаштагы Кудайберген Чороевге бекем ден соолук, ар дайым ак батасын берип, төрдүн көркү болуп жүрүүнү каалаган.

Милициянын отставкадагы майору Кудайберген Чороев 1928-жылы Талас районунун Көк-Ой айылында туулган. 1947-жылы Орусиянын Москва шаарында аскерде кызмат өтөп, Свердлов облусунда согуш жылдарында соттолгон жарандарды коштоп жүрүү тобунун башчысы болгон. Аскерден келгенден кийин ички иштер органдарына кабыл алынган. 30 жылга жакын кызмат өтөп, 1978-жылы ардактуу эс алууга чыккан. 19 жыл облустагы Социалисттик менчикти уурдоо жана алып сатарлык менен күрөшүү бөлүмүн жетектеген.

«Жаш курагына карабастан кайраттуу жүргөн аксакал башынан өткөргөн кызыктуу окуялары менен бөлүшүп, ИИМдин жана Талас облустук милициянын жетекчилигине ыраазычылык билдирди. Аларга бекем ден соолук каалап, өлкөбүздө тынчтык болуусун тилеп, ак батасын берди», — деп айтылат маалыматта.

250