7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аскердеги «дедовщина». Асынып алган жоокердин өлүмү иликтенүүдө

277

Аскердик прокуратура Ички иштер министрлигинин аскер бөлүгүндөгү жоокердин өлүмүн өз көхзөгмөлүнө алат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Эске салсак, Ички иштер министрлигинин аскер бөлүгүнө өтөө үчүн чакырылган 22 жаштагы жоокердин өзүн-өзү өлтүргөндүгү тууралуу маалымат 21-декабрда түшкөн.


«Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы Ички иштер министрлигинин ички аскердик коопсуздук кызматынын 702-аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери, катардагы жоокер Адилбек уулу Бексултандын өлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады. Окуя болгон жерде жана маркумдун сөөгү текшерилип, соттук-медициналык, соттук-химиялык, соттук-биологиялык экспертизалар дайындалып, аскер бөлүгүндөгү кызмат өтөгөн аскерлердин жана аскер кызматкерлери анын өлүмүнүн себептерин жана жагдайларын аныктоо үчүн сурак беришти», — деп берилет маалыматта.


Ошондой эле, тергөө аскер кызматкерлеринин ортосундагы «дедовщина» мамилелеринин версияларын, анын ичинде маркумдун туугандарынын ЖМКларда айткан жүйөөлөрүн текшерүү жүрүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

278