2026-жылдын 1-августунан тартып Asman Airlines авиакомпаниясы айрым ички каттамдар боюнча авиабилеттердин тарифтерин өзгөртөт.
Компаниянын маалыматына ылайык, мындай чечим Кыргызстанда авиациялык күйүүчү майдын баасы 2026-жылдын июль айынын жыйынтыгы менен 32 пайызга кымбаттаганына байланыштуу кабыл алынды. Белгиленгендей, күйүүчү май авиаташуулардын өздүк наркынын негизги бөлүгүн түзөт.
1-августтан тартып бир тарапка авиабилеттердин баасы төмөнкүдөй болот:
- Бишкек -Ош -Бишкек каттамы -4 100 сомдон 6 500 сомго чейин;
- Бишкек -Манас -Бишкек каттамы -4 100 сомдон 5 000 сомго чейин.
Компания авиабилеттин акыркы баасы сатып алуу күнүнө, рейстин жүктөлүшүнө жана тиешелүү тарифтик класстагы бош орундардын санына жараша аныкталарын белгиледи.



