7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Астана шаарында музейде кыргыз сүрөтчүлөрүнүн  көргөзмөсү ачылды

485

Бүгүн, 27-октябрда Казакстандын улуттук музейинде кыргыз сүрөтчүлөрүнүн  көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Астана шаарындагы Казакстандын Улуттук музейинде кыргыз сүрөтчүлөрүн “Кыргызстан түркүн түстүү, көп түрдүүлүк” аталышындагы көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөнү КРнын эл сүрөтчүсү,  Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Таалайбек Усубалиев жана Казакстан Улуттук музейинин  директорунин милдетин аткаруучу Айбек Садыков ачты.

Жалпысынан көргөзмөгө кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн 50дөн ашык эмгектери коюлган. Келген меймандар кыргыз сүрөтчүлөрүнүн колунан жаралган эмгектерге суктанып, алардын көз жоосун алууда.

Учурда Улуттук музей жетекчилиги көргөзмөнү 2022-жылдын 10-ноябрына чейин калтыруу сунушу менен чыгууда. Мындай кадамдар, аталган көргөзмөгө кызыгып келген жарандардын көп болгонудугу менен негизделүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

486