7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нурланбек Шакиев Өзбекстан Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту

332

Бүгүн, 27-октябрда Самарканд шаарында Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушуу көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) жыйындарынын алкагында өттү.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын жана парламенттер аралык алаканын актуалдуу маселелери талкууланды.

Нурланбек Шакиев Өзбекстан менен калыптанган достук жана жакын коңшулук мамилелерди өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин билдирди.

“Түзүлгөн тыгыз жана ишенимдүү байланыштардын, бардык деңгээлдеги түз жана үзгүлтүксүз диалогдун аркасында акыркы жылдары эки тараптуу мамилелерде олуттуу оң тенденция байкалганын баса белгилегим келет”, — деген Нурланбек Шакиев кыргыз-өзбек кызматташтыгындагы урунттуу учурларга, өз ара сапарлар менен биргелешип өткөрүлгөн иш-чараларга токтолду.

Ошондой эле эки өлкө ортосундагы парламенттер аралык алакалар тууралуу сөз кылган төрага аны мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

“Бул багытта жакынкы аралыкта Жогорку Кеңеш менен Олий Мажлистин ортосундагы кызматташтык боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүүнү, андан сырткары парламенттик делегациялардын, депутаттык достук топторунун өз ара иш сапарларын активдештирүүнү сунуштайм”, — деди Нурланбек Шакиев.

Муну менен катар Жогорку Кеңештин төрагасы эки тараптуу соода жүгүртүүнү 2 млрд АКШ долларына чейин көбөйтүү максатында эки өлкөнүн рыногундагы товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүнө жагымдуу шарттарды түзүү жаатында кыргыз тарап биргелешип иштөөгө кызыкдар экендигин билдирди.

Өз кезегинде Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева алгач Нурланбек Шакиевди Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалоо менен Өзбекстанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды. Ошондой эле окшош маданий-руханий баалуулуктарга ээ эки элдин кызматташтыгы достук, жакын коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделгенин баса белгилеп, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу багытында жасалган алгачкы кадамдар тууралуу сөз кылды.

“Эки мамлекет ортосунда жетишилген келишимдердин ийгиликтүү ишке ашырылышы үчүн мыйзамдык базаны өркүндөтүү жаатында биргелешип иштөөбүз кажет. Анын ичинен Олий Мажлис менен Жогорку Кеңештин ортосундагы кызматташтык боюнча Парламенттер аралык комиссия маанилүү роль ойношу керек”, — деген Танзила Нарбаева төрага Нурланбек Шакиев тарабынан айтылган бардык демилгелерди колдоорун кошумчалап, маданий-гуманитардык чөйрөдө да алаканы арттыруу зарылчылыгына токтолду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

333