7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель менен жолугушту

345

Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, Астана шаарында (Казакстан Республикасы) Европа кеңешинин Президенти Шарль Мишель менен жолугушту.

Кыргызстан менен Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүнүн ортосундагы саясый, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну бекемдөөнүн актуалдуу багыттары менен чаралары талкууланды. Ошондой эле тараптар күн тартибинде турган глобалдуу маселелердин кеңири чөйрөсү, анын ичинде аймактык коопсуздук маселеси боюнча пикир алышты.

Садыр Жапаров Шарль Мишель мырзага «Борбор Азия — Европа Биримдиги» биринчи саммитин өткөрүү демилгеси үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле анын мындай жолугушууларды жогорку деңгээлдеги туруктуу аянтчага айлантуу сунушун колдоого алды.

Ал эки тараптуу кызматташтык менен аймактар аралык байланыштардын динамикасы сапаттык жактан өсүп жатканын белгиледи. Быйыл Кыргызстан менен Европа Биримдигинин өнөктөштүгүнө 30 жыл толду. Бул мезгил аралыгында ЕБ Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшүнө айланып, алдыңкы донорлорунун бири болуп калды.

Ошондой эле эки тараптуу мамилелерди мындан ары дагы чыңдоо зарылдыгын, ЕБ институттарына иш сапарлардын жана Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча келишимге кол коюунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Баарлашуунун жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров соода-экономикалык байланыштарды жандандыруунун жана кыргыз товарларын Европа рыногуна экспорттоону жылдыруунун актуалдуулугун эске алуу менен Кыргызстанга Преференциялардын жалпы системасы+ (ПЖС+) макамын узартуу маселесин козгоду.

Өз кезегинде Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель ЕБ Борбор Азия менен кызматташууну эң маанилүү багыттардын бири катары карай турганын баса белгиледи. ЕБ бул чөлкөм менен, атап айтканда Кыргызстан менен экономикалык байланыштарды чыңдоого багытталган кызматташтыкты жакшыртууга жана жандандырууга даяр.

Ал ошондой эле даярдалып жаткан Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосунда Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык келишимине кол коюуну канааттануу менен белгилеп, өз ара кызматташуу үчүн Кыргызстанга конкреттүү долбоорлорду сунуштоого даяр экенин айтты.

Тараптар кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча Кыргызстан менен ЕБдин ортосундагы өз ара алака-катышты мындан ары тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

346