Кара-Балта шаарынын мэриясынын бөлүм башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын октябрь айынын ортосунда ИИМдин Тергөө кызматына кызмат адамы пара талап кылып жаткан факты боюнча чара көрүү өтүнүчү менен Чүй облусунун тургуну кайрылган. Кара-Балта шаарынын мэриясынын кызматкери жер маселесин чечип берүү жана коммерциялык объекттин оң чечилишине көмөк көрсөтүү максатында бир нече айдан бери 2миң доллар өлчөмүндө акча талап кылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Опузалап пара талап кылуу) негизинде кылмыш иш козголгон.
Ыкчам иш чаранын натыйжасында уюшкан топтор мыйзамсыз каржылоого бөгөт коюу боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери 2000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармашты.
Шектүү Кара-Балта шаарынын мэриясынын бөлүмдөрүнүн биринин башчысы болуп иштеп келген.
Кармалган жаран К.Т. Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, соттун чечими менен кармалган жаранга карата 2 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.
Учурда пара талап кылуу фактысы иликтенүүдө.