7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Астана шаарында Кыргызстандын Казакстандагы Маданият күндөрүнүн ачылышы болду

566

Кечээ, 27-октябрда Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Маданият күндөрүнүн расмий ачылышына катышты. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ачылыш К. Куанышбаев атындагы Мамлекеттик академиялык казак музыкалык драма театрында болду. Ага Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель дагы катышты.

Программанын алкагында өлкө лидерлери театрдын фойесинде уюштурулган Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарынын жана кол өнөрчүлүгүнүн көргөзмөсүн көрүп чыгышты.

Андан соң гала-концерт болуп, анда кыргыз өнөрпоздору “Манас” операсынын увертюрасынын фрагментин, “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү, Токтогул Сатылгановдун чыгармаларын жана башка элдик көркөм чыгармачылыктын шедеврлерин аткарышты.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын Казакстандагы Маданият күндөрү 29-октябрына чейин уланат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

567