7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Астанада Борбор Азиянын жана Европа Биримдигинин лидерлеринин биринчи жолугушуусу болуп өттү

545

Бүгүн, 27-октябрда Астана шаарында (Казакстан Республикасы) «Борбор Азия — Европа Биримдиги» лидерлеринин биринчи жолугушуусу болуп өттү.

Иш-чара өлкө лидерлери менен Борбор Азиянын делегация башчыларын жана Европа Кеңешинин Президентин тосуп алуу аземи жана эстеликке сүрөткө түшүү менен башталды.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан алты тараптуу жаңы форматтагы жогорку деңгээлдеги жолугушууну кубаттаарын айтып, аймактар аралык кызматташтыктын кыйла потенциалы бар экенин көрүп турганын белгиледи.

Жолугушууга Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Ходжамурад Гельдимурадов, Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель катышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Борбор Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин Президенти жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

546