7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: «Кыргызстан Борбор Азия менен ЕБ ортосундагы кызматташтыктын кыйла потенциалы бар экенин көрүп турат»

373

«Биз алты тараптуу жаңы форматтагы жогорку деңгээлдеги жолугушууну кубаттайбыз. Аймактар аралык кызматташтыгыбыздын кыйла потенциалы бар экенин көрүп турабыз», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, Астана шаарында (Казакстан) өткөн «Борбор Азия — Европа Биримдиги» лидерлеринин биринчи жолугушуусунда сүйлөп жатып.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө быйыл Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин (ЕБ) эки тараптуу өнөктөштүгүнүн түзүлгөнүнө туура 30 жыл толгонун баса белгиледи. Бүгүнкү күндө өз ара кызматташуу дээрлик бардык тармактарды камтып, жаңы сапаттык деңгээлге чыкты. Кыргызстан бул чөлкөмдө Борбор Азиядагы интеграциянын чыңдалышын жактайт жана ага иш жүзүндө болгон күч-аракетин жумшап келет.

Садыр Жапаров июль айында Чолпон-Атада болуп өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын акыркы Консультативтик жолугушуусу бул аймактагы өлкөлөрдө «соода-экономикалык, энергетикалык, траспорттук жана башка тармактарда өз ара кызматташуу жалпы Борбор Азиянын туруктуулугу менен коопсуздугун камсыз кылуунун бекем негизи болуп эсептелет» деген түшүнүк бар экенинен кабар берерин эске салды.

Аталган жолугушуунун жыйынтыгында «Көп тараптуу форматтардын алкагында Борбор Азия мамлекеттеринин өз ара аракеттенүү концепциясы» кабыл алынган. Ага ылайык, мамлекет башчылары аймактык кызматташууну, анын ичинде Европа Биримдиги менен кызматташууну өнүктүрүү боюнча өз ниеттерин билдиришкен. Консультативдик жолугушууда XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык келишимине кол коюлган.

«Биз мамлекеттин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана чек аралардын бузулгустугун өз ара урматтоо, талаш-тартыштарды сүйлөшүү жолу менен гана чечүү, күч колдонбоо же күч колдонуу менен коркутпоо, адам укуктары менен эркиндиктерин сактоо, эл аралык милдеттенмелерди жана эл аралык укуктун ченемдерин абийирдүүлүк менен аткаруу принциптерин жетекчиликке алуу менен өз ара ишенимге негизделген мамилелерди өнүктүрүүгө макулдаштык», -деп кошумчалады Мамлекет башчысы.

Ал өткөн жылы Кыргызстан тараптын демилгеси менен Бишкекте өткөрүлгөн «Борбор Азия — Европа Биримдиги» биринчи экономикалык форуму өнөктөштөрдүн колдоосуна ээ болуп, кийинки жолугушууну келерки жылдын жаз айларында Казакстанда өткөрүү пландаштырылганын канааттануу менен белгиледи.

Президент Борбор Азиянын транзиттик потенциалына өзүнчө токтолуп өттү. Кыргызстан деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү болбогон өлкө катары бүгүнкү күндө өлкөнүн маанилүү транспорттук артерияларын модернизациялоону улантууда. Коңшу мамлекеттердин катышуусунда темир жол транспорту тармагындагы ири долбоорду — «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол магистралын куруу мерчемделүүдө.

Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы транспорт тармагындагы башка ири инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенине басым жасады. Бул аймактар аралык соода-экономикалык кызматташтыкты да, Борбор Азия чөлкөмүнүн алкагындагы кызматташтыкты да өнүктүрүүгө чоң салым кошот.

«Биз Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Европа менен Борбор Азиянын ортосундагы туруктуу транспорттук байланыштарды изилдөөсүнүн жыйынтыгын оптимисттик маанай менен күтүп жатабыз. Санариптештирүү маселелеринде системалуу түрдө алдыга жылыштар бар. Бир нече жылдан бери Европа Биримдиги менен бул жааттагы долбоорлор натыйжалуу ишке ашырылып келет, аларды улантууга даярбыз. Бул өз кезегинде бардык деңгээлдеги коррупцияга каршы чараларыбызга көмөкчү болот. Экономикалык реформалар менен бирге Кыргызстанда интеллектуалдык активдүүлүктүн өсүшүнө жана чыныгы ишкердик чөйрөнү түзүүгө оң таасирин тийгизет», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Ошондой эле президент өз сөзүндө Кыргызстан сууктун башталышы менен күчөшү мүмкүн болгон гуманитардык катастрофанын алдын алууда афган элине колдоо көрсөтүүгө багытталган эл аралык коомчулуктун, анын ичинде Европа Биримдигинин аракеттерин кубаттай турганын баса белгиледи.

Садыр Жапаров чек араларды жөнгө салуу, соода жүргүзүүгө көмөктөшүү, терроризмге, баңгизаттарын сатууга жана контрабандага каршы күрөшүү боюнча Европа Биримдигинин аймактык долбоорлорун улантуу зарылдыгын белгиледи. Мындай жардамдардын максаттуу пайдаланылышы абдан маанилүү. Кыргызстан Ооганстанга салттуу достук мамиледеги өлкө катары ички иштерге кийлигишпөө принцибин карманып, Афганстандын туруктуу өсүп-өнүгүшүнө кызыкдар. Кыргыз тарап бул өлкөдө тынчтыкты жана стабилдүүлүктү орнотуу үчүн ар дайым аракет кылып келген жана мындан ары да аракет кыла берет. Ушул жана башка актуалдуу маселелердин бардыгын Кыргызстанда өткөрүү пландаштырылган Борбор Азия жана Европа Биримдигинин өлкөлөрүнүн Афганистан боюнча атайын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда дыкат талкуулоого мүмкүнчүлүк болот.

Ошону менен бирге Мамлекет башчысы Европа Биримдигинин долбоордук-программалык ишмердүүлүгү тууралуу сөз козгоду.

«2027-жылга чейинки Региондук индикативдик программага ылайык, биздин аймак адам укуктары, суу жана энергетика, жарандык коом, тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоо, санариптештирүү, ишкердик чөйрө жана адам мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу жаатында Европа Биримдигинен колдоо алып келет. Ошол эле учурда аймагыбызда европалык алдыңкы технологиялардын, билим берүүнүн жана экспертизалардын болушун кубаттаар элек. Аймактарыбыздын саясий жактан жакындашуусу инфратүзүмдүк долбоорлордун жана инвестициялардын көбөйүшү менен коштолот деп турабыз», — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Садыр Жапаров.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

374