Ат-Башы — Кында — Торугарт унаа жолунун 165-чакырымында Audi-100 үлгүсүндөгү унаа бузулуп, карга тыгылып, өтө албай калган.
ӨКМден билдиришкендей, унаанын ичинде 3 адам болгон. Жерине ӨКМдин Ат-Башы райондук бөлүмүнүн башчысы жетектеген ыкчам топ тартылып, унааны оңдоого көмөктөшүп, кардан сүйрөп чыгарышкан. Аталган жарандарды Баш-Кууганды айылына туугандарына жеткирип беришти.