Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын өздүк курамынын атынан Жалал-Абад облустук милициясына унаа тапшырды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Унаа Жалал-Абаддагы “Телтору” ат майданында милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиевдин жаркын элесине жана 9-май — Улуу Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык чемпионаттын алкагында тапшырылды.
Ташиев милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиев кыргыз мамлекетинин, кыргыз милициясынын тарыхында өз орду бар инсан экендигин белгиледи. Конгантиев көзү тирүү кезинде улуттук көк бөрү федерациясын жетектеген.
Белгиленгендей, облустук милицияга 2023-жылы өндүрүштөн чыгарылган “Тойота Королла” үлгүсүндөгү автоунаа тапшырылды.