Кечээ, 3-майда “Temirov live” медиасынын Актилек Капаров аттуу журналисти жаңы ачылыш таап алгандай иликтөө даярдаган. Анда, президенттин иниси Орозбек Жапаровдун тааныш-достору жетекчилик кызматтарда иштеп жатканын көрсөткөн. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына төмөндөгүлөрдү билдирди.
«Даярдаган материалында “Президенттин инисинин тааныштары жумуштарда иштеп жатканы туурабы?”- деген сурамжылоо уюштуруп, Бишкекте жүргөн чет элдик жарандарга дагы микрофон сунган. Алар, президенттин инисинин тааныштары деп чыгарган тизмедеги жетекчилердин кандай иштеп жатканы, жетекчи болуп келгенден тарта кандай өзгөрүүлөр болду, тармакта тажрыйбасы барбы же жокпу деген ишмердүүлүгүнө дегеле кызыгышкан эмес. Болгону, “биз аныктап чыктык, президенттин инисинин тааныш-достору экенин таптык”- деген бир тараптуу манипуляция уюштуруп, коомчулукка талкуу жараткысы келген. Акыркы учурда, так эле ушундай бир тараптуу, жалган, атайын манипуляция максатындагы иликтөө, каралоолорго ЭлТРдин журналисттери тактоолорду киргизип, иликтөөлөргө иликтөө кылып келе жатат. Көбүнүн калпын дагы чыгарып, уяткарып жатышат. ЭлТРдин журналисти Айгерим Жаныкул кызы “Temirov live” медиасынын бир жактуу каралоосуна толуктоолорду киргизди. Алгач, Темировдун командасындагы иликтөөчү Актилек Капаровго “келгиле, бирге иликтеп чыгалы, биз менен чогуу сурооңорду бергиле”- деген сунуш менен байланышып көрдү. Тилекке каршы, ЭлТРдин сунушуна макул болбой, качып, баш тартып коюшту. Төмөнкү видео материалда, ысымы аталган жетекчилер келгенден тарта, мекемеде жакшы көрсөткүчтөр, кирешелердин өсүү темпи жогорулаганы далилдер менен көрсөтүлдү. Мисалы, Кара-Балта спирт заводу мурда 41 миллион сомдон ашык карызга батып, кызматкерлеринин айлыктарын бере албай келген, банкрот болгон ишкана болсо, Аман Ибраев келгенден кийин ишкана жакшы иштей баштаган. Карызы жабылып, киреше таап баштаган. 2023-жылдын биринчи кварталында спирт заводу 90 миллион сомго жакын кирешеден пайда тапкан»- деп жазып чыкты ал.