7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ат-Башы токой чарбасынын 160,9 гектар жерин өз алдынча ээлеп алган жаран кармалды

468

Ат-Башы токой аймагындагы жер тилкесин өз алдынча ээлеп алуу, ошондой эле туризм тармагында коммерциялык максаттар үчүн имараттарды жана курулуштарды уруксатсыз куруу фактысын аныкталды.

Тактап айтканда, A.И.A. аттуу жаран 2005-2007-жылдары Нарын облусунун губернаторунун биринчи орун басары болуп иштеп туруп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Нарын облусунун Ат-Башы районундагы «Чар» токой чарбасынан 160,9 гектар жерди бекер пайдаланууга алган. Ал 2007-жылдан ушул убакка чейин аталган жер тилкелерин пайдаланганы үчүн бюджетке эч кандай милдеттүү төлөмдөрдү төлөгөн эмес.

Мындан  тышкары, мейманкана, ресторан, мончо жана башка имараттар максаттуу багытын өзгөртпөстөн жана уруксат документтери жок тургузулуп, туризм тармагында коммерциялык максатта колдонулган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында А.И.А. кармалып, тергөө абагына камакка алынды.

Архивдик маалыматтарга караганда, 2005-2007-жылдары облустук администрациянын башчысынын биринчи орун басары – Нарын облусунун губернатору болуп Абдыгазиев Исабек иштеп келген.

 

 

 

 

 

 

469