5-августта Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев Парижде өтүп жаткан Олимп оюндарында сууда сүзүү боюнча 50 метр аралыктагы жарышка эркин стилде катышкан суучул Елизавета Печерскихти кабыл алды.
Министрдин биринчи орун басары Елизавета Печерскихти жетишкендиктери менен куттуктап, бул башталышы экенин белгилеп, кийинки оюндарга ийгиликтерди каалады.
Мындан сырткары, Елизаветанын бул жетишкендиктеринде анын машыктыруучусунун дагы орду чоң экенин белгилеп, ыраазычылык билдирди.