7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ата-энесин карылар үйүнө таштагандар мураскор боло албайт. Мыйзам талкууга коюлду

601

Депутат Марлен Маматалиев Жарандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрдү. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

«Мурасты бөлүштүрүүнүн негизги максаты болуп мураскорлордун адилеттүүлүгүн жана теңдигин камсыз кылуу, эмгекке жарамдуу, жашы жеткен балдарын ата-энелерине камкордук көрүүгө милдеттендирүү. Мураскер мурас калтыруучуну камкордугуна албаса, карылар үйүнө өткөрүп берсе мурастан кур калтыруу каралат. Ошондой эле мурасты бөлүштүрүүдө мураскорлорго мүлктү алардын укуктарына жана талаптарына ылайык бөлүштүрүү, мураскорлордун ортосунда жаралышы мүмкүн болгон чыр-чатактарды жана талаш-тартыштарды болтурбоо, мүлктү так жана адилеттүү бөлүштүрүү саналат»,- деп айтылат маалыматта.

Мурасты бөлүштүрүүдө туугандардын ортосундагы чыр-чатактар көп кездешет. Бул чыр-чатактар ар кандай себептерден улам келип чыгышы мүмкүн, мисалы, мурастын көбүрөөк үлүшүн алуу каалоосу, адилетсиз бөлүштүрүү, туугандарга ишенбөөчүлүк жана башка чыр-чатактын мүмкүн болгон себептери болушу мүмкүн.

Кыргыздардын салты боюнча ким кары-картаң ата-энесин караса, ага ата-энесинин мүлкү же атына керээз калтырылган адамга берилет. Эгер жок болсо, анда бардыгы кичүү уулуна өтөт. Азыр интеллигенциянын балдары да мурас үчүн соттошууда. Ошондуктан, үй-бүлөлүк мамилелерди жөнгө салуу керек. Ошол себептен сунушталып жаткан мыйзам  көпчүлүк элдин укуктарын, кызыкчылыктарын коргоп, талаптарын аткарууга  өбөлгө болот.

602