7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ататүрк» паркынын четине салынган үйлөрдү сүрдүрүү белгисиз мөөнөткө жылды

401

Бүгүн, 20-майда «Ататүрк» паркынын четине салынган үйлөрдүн 200дөй жашоочулары чогулду. Алар мэриянын парктын аймагына мыйзамсыз түшкөн үйлөрдү сүрдүрүү чечимине  нааразычылык билдиришти.

Бишкек мэриясы буга чейин 20-майда парктын четиндеги мыйзамсыз курулуштарды сүрдүрүү баштала турганын билдирген. Бирок бүгүн аталган жерге мэриянын өкүлдөрү саат 12:00гө жакын келди. Октябрь районунун акими жашоочулар менен жолугушуу өткөрүп, мэриянын чечимин түшүндүрүүгө аракет кылган. Ошондой эле «Бишкек шаарында массалык чогулууга, митинг өткөрүүгө тыюу салынганын» эскертти. Буга жашоочулар нааразычылык билдирип, «Мэрия бүгүн сүрдүрүү иштерин баштайбыз дегени үчүн чогулушканын» айтты.

Ошондой эле алар парктын аймагын алгач менчиктештирген бир да чиновникке чара көрүлбөгөнүнө нааразычылык билдиришти. Октябрь районун акими бул маселе боюнча прокуратура алектене турганын айткан.

Учурда демонтаждоо иштери белгисиз мөөнөткө жылды. Мэриянын өкүлдөрү ар бир жер тилкеси боюнча сот чечими чыккандан кийин сүрдүрүү иштери баштала турганын билдирди. Ал эми жашоочулардын эгер үйлөр сүрдүрүлгөн учурда кенемте төлөө маселеси кандай болот? — деген суроосу жоопсуз калды.

 

 

402