ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери интернет аркылуу шылуундук кылган деп 19 жаштагы жигитти кармады.
12-февралда Whatsapp аркылуу жогорку кызматта иштеген адамдардын атынан акча талап кылып, билдирүү жөнөтүлүп келгени аныкталган.
Натыйжада бул аракеттерге катыштыгы бар деп 19 жаштагы Э.Э. аттуу жаран кармалды. Анын жашаган жерин тинтүү учурунда сегиз банктык карта, 173 сим-карта, чет өлкөлүк уюлдук операторлордун 33 сим-картасы, ноутбуктар, планшеттер, уюлдук телефондор табылган.
Кармалган адам ИИМдин тергөө кызматында, териштирүү уланып жатат.