7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аткезчилик жолу менен ташылып келген 22 тонна картошка кармалды

843

Ошто бажы кызматкерлери салмагы 22 тоннадан ашкан аткезчилик жолу менен ташылып келген картошканы кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан маалымдайт.

Маалыматка караганда, Ош шаарында чектеш мамлекеттерден товарларды мыйзамсыз ташып өтүүгө шектелген жарым чиркегичи менен Renault Magnum үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унааны Ж.Т.Э. аттуу кыргыз жараны башкарып бара жаткан.

Унаанын жүк салуучу бөлүгүн текшерүүдө жалпы наркы 511 миң 612 сомду түзгөн, салмагы 22 тонна 244 кг картошка табылган. Жүк чектеш мамлекеттен Кыргызстанга мыйзамсыз ташып келинген.

Бул факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган, материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүп берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

844