Бишкек шаарында эртең, 2-майда окулуучу айт намазына байланыштуу ага даярдануу жана өткөрүү үчүн айрым көчөлөрдүн тилкелери жабылат. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, таңкы саат 04:00 дөн тартып, 08:00гө чейин К. Тыныстанов, кең Чүй, М. Фрунзе, жана Логвиненко көчөлөрүнүн картадагы кызыл менен белгиленген бөлүктөрү жабылат.
«Андыктан авто унааларды белгиленген көчөлөргө токтотпоону суранабыз. Биз тараптан жолдорду тазалоо иштери таңкы саат 4:00 дөн тартып башталат»,-деп берилет билдирүүдө.