Жалал-Абад облусунда автоээнбаштык жасаган айдоочуга 35 миң сом айып салынып, унаасы айып короо жайына токтотулду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта, социалдык тармактарда BMW үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу атайын автоээнбаштык жасап жаткандыгы көрсөтүлгөн видео тасма тараган.
Бул факты боюнча жол тескөөчүлөрү айдоочуну кармап, 15 миң сом айып салуу менен унаасын айып короо жайына токтотушту. Андан сырткары, унаасында жасалма номер салып жүргөндүгү үчүн 20 миң сом айып салынды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram