7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Вице-мэр жол кире үчүн накталай төлөөнүн көтөрүлүшүнүн себебин түшүндүрдү

280

Автобустарды аябай айдап, алар талкаланып жатканына күбө болуп жатабыз. Планды аткарып, чөнтөгүнө да акча салып кетиш үчүн, кубалашып айдап жаткандарды көрүп жатасыздар. Бул тууралуу Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев билдирди.

«Чоң талкуу…  Эки күндөн бери жол кире көтөрүлөт экен деген замандаштарыбызга расмий жооп берейин дедим достор! Бишкекте бир күндө шаар ичинде 1200 өйдө автобус каттамга чыгып жатат. Жалпак тил менен айтканда, мурункудай “Маршрутка” жок. Коомдук транспорт. Президентибиз өзү тапшырма берип, акча бөлүп алынып келинген. Эми жол кире боюнча: Азыр “Тулпар” карталары менен жана Улуттук банктын QR аркылуу баардык банктын карталары менен жол кире 17 сом. Ал эми бир айлык карта ( проездной) чоңдор үчүн 1050 сом балдар үчүн 360 сом ( чектөө жок) каалашынча жүрө алышат. Накталай төлөм менен 20 сом.

Эми эмне үчүн талкууга чыгардык? Жол кирени накталай эмес, “Тулпар” картасын алгыла да 17 сомдон жүрө бергиле деп. Мисалы, бир сааттын ичинде каттам алмаштырсаңыздар (пересадка) ошол эле 17 сом менен жүрсөңүздөр болот дегенди да карап көрсөңүздөр?! Себеби, накталай акча менен төлөгөндө айдоочуга тоскоол болуп, ошону менен бирге сол чөнтөгүнө салым кошуп жатканыбызды моюнга алышыбыз керек. Биз мэрия тараптан канчалык аракет жасап жаткан менен адамдык фактор деген да бар экен. Автобустарды аябай айдап талкаланып жатканына күбө болуп жатабыз. Жүргүнчү кесек (крупная купюра) мисалы 1000 сомдук акча берип койсо майдалап 20 сом алып калыш үчүн жолду карабай алаксып кетип жатышат. Планды аткарып чөнтөгүнө да акча салып кетиш үчүн, кубалашып айдап жаткандарын көрүп жатасыздар.

Мэр өзү барып айдоочулар менен жолугушуп, тартипке чакырып жатат. Биз да аракет кылып, коомдук талкууга чыгарсак, ойлору бузук досторубуз маалыматты бурмалап жиберип, ызы-чуу болуп жатып калабыз. Биз сиздер менен кеңешип, коомдук талкуу аркылуу маселени бирге чечели деген ак тилегибизди айлантып туруп, мэрияда келесоолор иштейт деп жазып жатасыздар. Карта менен төлөп, айдоочуну алаксытпай ошону менен бирге көмүскөгө кетип, сол чөнтөкө солонуп кетип жаткан акчаларды мамлекеттин казынасына түшүрөлү деген изги тилегибиз бар. Сөгүп урушаардан мурун талкууга активдүү катышып бериңиздер. Тулпар картаны ар бир айдоочуга да саттырып көрдүк. Алар таап жаткан нанын тарттыргысы келбейт жана карта сатпайт…

Накталай эмес, карта менен төлөө жолун жөнгө салып, Тулпар картасы же баардык банктын картасы аркылуу мамлекеттик QR кодту колдонуп көрсөңүздөр. Баса, белгилеп кете турган жагдай QR код улуттук банктын менчиги жана баардык банктын мобилдик тиркемеси аркылуу төлөй берсеңиздер болот. Суроолоруңуздарга жооп берүүгө даярмын. +996553517777 байланыш телефонум. Урматым менен Бишкек шаарынын мэринин орун басары Ырсалиев Жамалбек Самарбекович»,- дейт Жамалбек Ырсалиев.

Эске салсак, муниципалитет коомдук транспортто накталай төлөнгөн жол кирени көтөрүүнү сунуштаган. Демилге калкты электрондук төлөм системасын колдонууга кызыктыруу максатында сунушталып жатканы айтылган болчу.

281