7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр энергиясы үчүн 50 тыйындан төлөйт

780

1-январдан тартып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр энергиясы үчүн 50 тыйындан төлөйт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин тапшырмасына ылайык, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр кубаты үчүн ушул жылдын 1-январынан тарта 50 тыйындан төлөйт. Эгерде керектөө 700 кВтстан ашса тариф 2,16 сом/кВтстын деңгээлинде сакталат.

«Учурда Энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин тапшырмасы боюнча Отун- энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттиги буга чейин бекитилген орто мөөнөттү тарифтик саясатына өзгөртүү киргизүү багытында иш жүргүзүүдө. Документ даяр болгондо макулдашуу үчүн министрлер кабинетине жөнөтүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында аз камсыз болгон үй-бүлүлөргө электр энергиясынын баасын төмөндөтүү боюнча тапшыраларды берген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

781