3-декабрь-Эл аралык майыптар күнүнө карата Жалал-Абад шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ар тараптуу жардамдарды, колдоолорду көрсөтүүнүн бир айлыгынын алкагында, Жалал-Абад шаарындагы №2 К.Закиров атындагы орто мектептин эмгек жамааты ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 20 өспүрүмдү шаардагы балдар ойноочу борборглордун бирине алып барып, майрамдык маанай тартуулашты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Бир айлыктын алкагында шаарда жайгашкан мекеме-ишканалар ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды моралдык жана материалдык жактан колдоо багытында иш-чараларды өткөрүүнү улантышат.
Жалал-Абад шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана камкорчусу жок балдарды тарбиялаган реабилитациялык борбор, балдарды калыптандыруу борбору жана үй-бүлө тибиндеги балдар үйү иштеп келет.
Белгилей кетсек,Жалал-Абад шаарында 400гө чукул ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар.