1-январдан тартып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр энергиясы үчүн 50 тыйындан төлөйт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Президенттин тапшырмасына ылайык, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр кубаты үчүн ушул жылдын 1-январынан тарта 50 тыйындан төлөйт. Эгерде керектөө 700 кВтстан ашса тариф 2,16 сом/кВтстын деңгээлинде сакталат.
«Учурда Энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин тапшырмасы боюнча Отун- энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттиги буга чейин бекитилген орто мөөнөттү тарифтик саясатына өзгөртүү киргизүү багытында иш жүргүзүүдө. Документ даяр болгондо макулдашуу үчүн министрлер кабинетине жөнөтүлөт», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында аз камсыз болгон үй-бүлүлөргө электр энергиясынын баасын төмөндөтүү боюнча тапшыраларды берген.