Таластагы токойлордун биринде 52 жаштагы киши асынган абалда табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 29-ноябрь күнү Талас РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Анда Талас районунун Арал айылынын түштүк тарабында жайгашкан токойдун ичинен талга асынып турган жансыз дене табылганы айтылган.
Текшерүү учурунда ал Арал айылынын 1969-жылы туулган тургуну Ж.С. экендиги аныкталган.
Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.