7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ажылардын формасы 100 пайыз даяр (ФОТО)

278

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Абдулазиз кары Закиров жана КМДБнын алдындагы 2025-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча штабдын жетекчиси Жолдошбек ажы Абдылдаев баштаган штаб өкүлдөрү болочок ажылардын формаларын тигүүчү ЖЧК «Тайган Коллекшн» фирмасын зыярат кылышты.

Зыяраттын жүрүшүндө формалардын сапаты, бычымы, тигилиши жана өзгөчөлүгүнө көңүл бурулуп, жогорку баа берилди. Азирети Муфтий зыяратчыларга кызмат кылып жаткан фирманын жетекчилигине жана тикмечилерге ыраазычылык билдирип, ыйык ажылыкка жана ажыларга кызмат кылуунун соопторуна токтолуп, ак батасын берди.

«Кудай буюрса, быйылкы формаларыбыз былтыркыдан да мыкты болуп даярдалып, 100 пайызга бүттү. Формада Кыргызстаныбызды тааныткан символикалар, түнкүсүн жарык чыгарган элементтер, ысыкка жана кондиционердин муздак аба агымына туруштук берер сапаттуу материал, телефон салууга ылайыкташкан чөнтөк болобу, көп жагынан артыкчылыктар бар», – деди Абдылдаев.

279