7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ажылык сапар: 2024-жылга Кыргызстанга 6060 орун бөлүндү

2114

Сауд Арабиясы 2024-жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 6060 квота бөлдү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы Самидин Атабаев баштаган өкүлдөр Сауд Арабиясынын Ажылык министрлигинин алдындагы ажылыкты уюштуруу башкы башкармалыгынын жетекчиси Бадир Ал-Сулами менен жолуккан. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Бадир Ал-Сулами Кыргызстанрга 6060 квота бөлүнгөнүн айтып, ыйык Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүн тейлөөдө 17 мекеме (муассаса) иш алып барарын билдирген.

Самидин Атабаев 9-ноябрдан тартып 20-ноябрь чейин ажыга барчуларды каттоо башталарын, былтыртан бери 100дөн ашык адам каттоодо турганын айткан. Алар буга чейин миң доллар төлөгөнүн, быйылкы тизмеге кириши үчүн дагы миң доллар төлөшү керектигин эскерткен.

«Талапкерлер эки миң доллар жана кайтарымсыз миң сом төлөбөй туруп каттала албайт. Эгер, 2023-жылдын 20-ноябрына чейин орундар толуп калса, каттоо мөөнөтүнөн мурда токтотулат. Ал эми 2023-жылы РСК банкына миң долларын төлөп, ажылык базада кезекте турган талапкерлер дагы 9-ноябрдан 20-ноябрга чейин калган миң долларды төлөшү керек. Эгер талапкер эки миң долларга толуктай албай калса, ажылыктын электрондук тизмесинен чыгарылат»,- деп айтылат маалыматта.

Быйылкы ажылык сапардын баасы кыргызстандык жарандар үчүн 3900 доллар.

2115