Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров эки айга камакка алынды.
«Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2022-жылдын 24-октябрындагы токтомуна ылайык, Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын өтүнүчү канааттандырылды. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 36- жана 278-беренесинин 1-бөлүгү менен айыпталып жаткан Азимбек Бекназаровго карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тергөө мөөнөтүнө, башкача айтканда ушул жылдын 23-декабрь күнүнө чейин тандалды жана ал Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №21-мекемесине камакка алынды»,- деп берилет малыматта.