Монголиядагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында Жоламан Шаршенбеков финалга чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында жарыяланды.
Шаршенбеков жарым финалда казакстандык Ернур Фидахметовго каршы килемге чыгып, 6:1 эсебинде жеңишке жеткен.
Белгилей кетсек, финалда Жоламан Шаршенбеков ирандык Мехри Мохсенге каршы чыгат.