Бишкекте 25-апрель салттуу музыка күнүнө карата Тарых музейинде 20-21-22- апрель күндөрү IX Эл аралык музыка жана бий конгресси өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Конгресс КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жетекчилигинин менен Улуттук илимдер академиясынын А.Алтмышбаев атындагы Философия, укук жана социалдык-саясий изилдөөлөр институту, Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, “Кыргыздын салттуу музыкасы” фонду, Туркиянын Саккарья университети менен биргеликте уюштурулууда.
Конгресске Кыргызстан, Индия, Казахстан, Өзбекстан, Таджикистан, Азербайжан, Түркия, Россия Федерациясынын Хакасия Республикасы, Тыва Республикасы, Алтай Республикасы, Бангладеш, Италия, Улуу Британия, Германия, Венгрия ж.б.өлкөлөрүнөн окумуштуулар катышат, конгресс оффлайн жана онлайн форматында өтөт.
Конгресстин максаты – ааламдашуу доорунда салттуу музыкалык искусствонун (фольклор жана оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусство катмарлары) сакталышын, өркүндөтүлүшүн, мазмундук, формалык жактан трансформацияланышын жана анын тарыхый, маданий, философиялык, социалдык ж.б. маселелерин талкууга алуу менен бирге оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствонун айтуучулук, аспапчылык, аваздык-аспапчылык багыттарынын, бий өнөрүнүн кино, музей, адабият, театр, колдонмо өнөрлөрдө чагылдырылышын, “устат-шакирт” өнөрканасынын ордун, аталган искусствонун маданият сасатындагы азыркы абалын, көйгөйлөрүн талкууга алуу.
Белгилей кетсек, конгресске оффлайн, онлайн режиминде 100 дөн ашуун илимпоздор илимий баяндамалары менен катышат.