7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азия Кубогу: Кыргызстан Сауд Арабиядан жеңилип калды

420

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Сауд Арабия курамасына каршы Азия Кубогундагы экинчи оюнун өткөрдү.

Оюн 2:0 эсебинде Сауд Арабиянын курамасынын пайдасына чечилди.

Беттеш Доха шаарындагы 45 миңден ашуун көрүүчү үчүн ылайыкталган «Ахмад бин Али» стадионунда өттү.

Оюндун алгачкы мүнөттөрүндө «Ак шумкарлар» менен «Жашыл шумкарлар» деген лакап атка конгон Сауд Арабия курамасынын оюнчулары мыкты коргонуу ыкмаларын көрсөтүштү. Бирок оюндун 9-мүнөтүндө улуттук кураманын коргоочусу Айзар Акматов эреже бузганы үчүн кызыл айып кагазын алды. Ошентип улуттук курама команда биринчи таймды дээрлик толугу менен бир оюнчуга аз ойноду.

Биринчи таймдын 35-мүнөтүндө атаандаштар эсепти ачып, Сауд Арабиянын 23-номерде ойногон оюнчусу Мухамед Кано «Ак шумкарлардын» дарбазасына гол киргизди. Эсеп 1:0 Сауд Арабия астыда.

Оюндун экинчи таймында «Ак шумкарлар» коргонууну күчөтүп, сокку жасоого аракет кылышты, бирок жакшы жыйынтык болгон жок. Улуттук кураманын жарым коргоочусу Кими Мер да кызыл айып кагазын алды. Ал атаандаштардын жарым коргоочусуна каршы оюн эрежесин бузду. Калыс видео кайталоодон көргөндөн соң Меркке кызыл айып кагазын көрсөттү.

Муну менен Кыргызстандфн улуттук курамасы экинчи кызыл айып кагазын алды. Экинчи таймдын жүрүшүндө «Жашыл шумкарлар» экинчи голду киргизүүгө жетишти. Ошентип оюн 2:0 эсебинде Сауд Аравия курамасынын пайдасына чечилди.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын улуттук курамасы 16-январда 2023-жылкы Азия Кубогунун алкагындагы алгачкы беттешин Таиландга каршы өткөрүп, 1:0 эсебинде утулуп калган.

Кыргызстандын улуттук курама командасы Азия биринчилигинде өз тарыхында экинчи жолу ойноп жатат. Ага жалпысынан 24 улуттук футбол курама командасы катышып, алар төрт командадан турган алты тайпага бөлүнгөн.

Тайпалык этаптын жыйынтыгы боюнча турнирдин плей-офф баскычына ар бир квартеттен эң мыкты эки команда, ошондой эле тайпада 3-орунду ээлегендердин ичинен эң мыкты 4 курама чыгат. 2-турдун жыйынтыгы боюнча Сауд Аравия курамасы турнирдин плей-офф баскычына жолдомо алды.

Кыргызстан курама командасынын плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Мелдештин тайпалык баскычында биздин команданын финалдык беттеши 25-январда Оман курамасы менен өтөт.

421